<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Жумагүл Газыбаева, Альбина Дуйшеева</author>
<lyrics>[V1]
 Сен менин тирүү суум, мүрөгүмсүң,
 Сен менин баш калкалар түнөгүмсүң.
 Сен өмүр берген үчүн, мен бармын да,
 Сен менин согуп турган жүрөгүмсүң.

[V2]
 Сен менин даңктап айтаар күбөлүгүм,
 Сен менин камсыз кылдың түбөлүгүм.
 Сен жөнүндө сүйүнчү айтам өмүр бою,
 Сен гана даңазалап жүрөөрүмсүң.

[V3]
 Сен менин Падышалык асманымсың,
 Сен менин үмүт толгон ак таңымсың.
 Сен мени дайым актап, коргоп турган,
 Сен менин айтып бүтпөс дастанымсың.

[V4]
 Сен менин бийиктигим, тереңимсиң,
 Сен менин зарылдыгым, керегимсиң.
 Сен мени кунум төлөп сатып алган,
 Сан, салмак чак келбеген Белегимсиң.

[C1]
   Күнөөлөрдү кечирип, жууп турган,
   Түбөлүктү белекке сунуп турган.
   Теңдешсиз, кереметтүү, касиеттүү,
   Түбөлүк таазим Сага, Теңир Ыйсам.</lyrics>
<title>Белегимсиң</title>
</song>